Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 16-августта «Ак-Тилек» автожол өткөрмө бекетинде уюшкан коррупциялык топтун ишмердүүлүгүнө чекит койду. Бул тууралуу комитеттин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматтарга караганда, Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлери менен Мамлекеттик салык кызматынын ЕАЭС боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери акча алмашуу аркылуу соода товарларын ташыган жүк унааларын мыйзамсыз өткөрүп келишкен.
Жүк ташуучу унаалар расмий документтерде бош унаа катары катталгандыктан, тиешелүү көзөмөлдөн кутулган. Бул схема аркылуу мыйзамсыз кирген жүк ташуучулардан акча алынган.
Кармап алынган инсанар







