Бүгүнкү күндө Кыргызстанда электрондук соода менен алектенген уюмдар жана жеке ишкерлер салык төлөөчү катары эсептелет. Алар Кыргызстанда катталган домендик ысым же IP-дарек аркылуу товарларды сатуу боюнча кызмат көрсөткөндө, кирешесинин 2 пайызын салык катары төлөөгө милдеттүү.

Төлөмдөрдүн өсүшү жана пландар

Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, электрондук соодадан түшкөн салыктык кирешелер өткөн жылга салыштырмалуу 4,7 пайызына өскөн. Бул көрсөткүч интернет-соода тармагынын активдүүлүгүн жана салыктык төлөмдөрдүн туруктуулугун көрсөтөт.

Негизги көрсөткүчтөр

59млн сом
4,7%өсүшү
90млн сом

Министрлик тарабынан 2026-жылга карата жылдык план 90 миллион сом өлчөмүндө бекитилген.