Бизнести өнүктүрүү боюнча кеңештин жана жөнгө салуу механизмдеринин реформасы
"Инвестициялык вектор: мамлекет жана бизнес" ачык диалогунун жүрүшүндө ишкерлердин көйгөйлөрүн системалуу түрдө чечүү боюнча сунуштар айтылды. Тактап айтканда, Рыноктарды, сооданы жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүн башкаруу ассоциациясынын жетекчиси Сергей Пономарев Министрлер Кабинетине караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялоо боюнча кеңештин ишмердүүлүгүн президенттин карамагына өткөрүп берүүнү сунуштады.
Бизнес-коомчулуктун өкүлүндүн пикири боюнча, бул ишкердиктин негизги маселелерин туруктуу негизде кароого мүмкүндүк берет. Ошондой эле 2027-жылды Социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана өлкө жарандарынын жашоосун жакшыртуу жылы деп жарыялоо демилгеси көтөрүлдү.
Ведомстволук буйруктардын көйгөйү
Аналитикалык маселелер боюнча «Дордой» ассоциациясынын вице-президенти болуп саналган Сергей Пономарев учурдагы жөнгө салуунун кемчиликтерине токтолду. Ал министрликтер көп учурда ишкерлердин катышуусуз жана жөнгө салуучу таасирдин анализин (ЖТТ) жүргүзбөстөн, буйруктар аркылуу ишкердиктин ишмердүүлүгүн башкарып жатканын белгиледи.
"Ченемдик укуктук актылар жөнүндө" Мыйзамына ылайык, буйруктар ченемдик актылар болуп эсептелбейт.
Кырдаалды оңдоо үчүн ишкерлер ишкердикке тиешелүү бардык ведомстволук буйруктарга ревизия жүргүзүүнү жана аларга «регулятордук гильотина» механизмин колдонууну сунуштап жатышат. ЖТТ жана ишкерлер менен талкуудан өткөн толук кандуу ченемдик актылар кабыл алынганга чейин, мындай буйруктардын күчүн токтотуу сунушталууда.












