31-июлдан 2-августка чейин Иссык-Көлдө башталуучу дүйнөлүк суудагы Формула-1 чемпионаты UIM F1H2O - Кыргыз Республикасынын Гран-при - Борбор Азияда биринчи жолу өткөрүлүүдө. Бул иш-чара өлкөнүн эң маанилүү спорттук окуясына айланып барат.

25-июлдан баштап Кыргызстанга эл аралык спортчулар, уюштуруучулар жана коноктор келди. Манас эл аралык аэропортунда H2O уюмунун президент жана негиздөөчүсү Николо ди Сан Жермано, UIM президенти Раффаэле Кьюлли жана көптөгөн команда өкүлдөрү тосуп алынды.

Маалыматтар боюнча катышуучулар

20эл аралык команда
30өлкө өкүлдөрү
≈25 000жүздөгөн коноктор күтүлүүдө

Кыргызстандын Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директору Эдуарда Кубатова мелдешке дүйнөнүн мыкты айдоочулары жана эл аралык командалар катышарын белгиледи. Ошондой эле бул турнир өлкөнүн туристтик имиджин жогорулатууга чоң салым кошот.

Ал эми агенттиктин биринчи орун басары Эрденет Касымовдун айтымында, суудагы Формула-1 мелдешинин өткөнү Кыргызстандын туристтик тармагында жаңы баскычка көтөрүлүшүн билдирет.