Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Борбордук Азия өлкөлөрү дүйнөлүк деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүүгө толук даяр экенин билдирди.
Ал бул тууралуу Иссык-Көлдө өткөн суунун Формула-1 боюнча дүйнөлүк чемпионаттын ачылышы өткөн учурда белгилеген. Жапаровдун айтымында, аталган мелдеш региондун потенциалын жана өлкөлөр ортосундагы өз ара ишенимди ачык көрсөттү.
Президенттин билдирүүсүнө караганда, Борбордук Азиянын аймагында ири эл аралык спорттук жана маданий иш-чараларды өткөрүү инфраструктурасы жана ресурстары жетиштүү.
Ушуга байланыштуу Садыр Жапаров Борбордук Азиянын келечекте жаңы деңгээлдеги дүйнөлүк чемпионаттарды жана башка ири иш-чараларды кабыл алууга даяр экенин баса белгиледи.














