Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев тарабынан кабыл алынган токтомго ылайык, «Манас» май куюу комплекси «Манас Инвест» мамлекеттик ишканасы болуп кайра аталат. Ошону менен бирге, жаңы ишкананын уставы да бекитилди.
Бул өзгөрүүлөргө карабастан, ишкана Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин карамагында кала берет.
Ишкананын милдеттери жана күчүнө кирүү мөөнөтү
Аталган объект «Манас» эл аралык аэропортундагы учактарды авиациялык май менен камсыздоо боюнча маанилүү инфраструктуралык объект болуп саналат. Ал төмөнкү функцияларды аткарат:
- майды кабыл алуу
- сактоо
- бөлүп берүүгө даярдоо
- учактарды майлоо
Токтом расмий түрдө жарыялангандан 10 күндөн кийин күчүнө кирет.
Маалымат үчүн
«Манас» май куюу комплекси «Манас» эл аралык аэропортунун ишине камсыздоочу негизги объекттердин бири болуп саналат.











