Трагедия 31-октябрда кечинде Баткен облусунун Кадамжай районундагы Миң-Чынар айылында болгон. Булактардын маалыматына ылайык, кагылышууга «Daewoo Tico» үлгүсүндөгү жеңил унаа жана өзбекстандык номурлуу «Daewoo Lacetti» унаасы катышкан.
Кесепеттер жана жабыркагандар
Каза тапкан аял 1-ноябрда Кадамжай районундагы Жаңы-Жер айылында жерленди. Маалыматка ылайык, каза тапкан аялдын кызы бар. Мындан тышкары, «Daewoo Tico» унаасынын айдоочусу оор абалда ооруканага жаткырылып, экинчи унаадагы Өзбекстандын жарандары да Кадамжай ооруканасына жеткирилди.
Кырсык болгон жер
Кырсык Ош—Баткен—Раззаков унаа жолунун 184-чакырымында болгон.

















