Кант шаарында асфальт-бетон заводуна жетүүчү жолдун 1-6 чакырым аралыгында жол оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул иштердин жүрүшүндө жолдо кыймыл убактылуу чектелди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги оор жүк ташуучу жана жеңил унаалар үчүн айланма жол ачылганын маалымдады. Айдоочуларга жол белгилерине көңүл буруп, көрсөтүлгөн маршрут боюнча жүрүүсү сунушталат.

Министрликтин билдирүүсүндө: «Жол курулушуна байланыштуу айдоочулар үчүн убактылуу ыңгайсыздыктар жаралышы мүмкүн» деп айтылган.