Turmush басылмасынын маалыматына ылайык, Кант шаарында жол кырсыгынан 27 жаштагы Фаиза Кыдырбаева аттуу кыз каза болду. Окуя 21-майда кечки саат 22:30 чамасында болгон.
Маркумдун апасы Чолпон Кадырованын айтымында, алар жол кырсыгына күбө болгондорду, ошондой эле видео жана фотоматериалдарды издеп жатышат.
Фаиза Кыдырбаева буга чейин Кант шаардык мэриясында, андан кийин бир жыл салык кызматынын бөлүмүндө иштеген. Ал үй-бүлөсүнүн жалгыз кызы болгон, апасы аны жалгыз тарбиялаган. Атасы буга чейин каза болгон.
Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, 21-майда саат 23:53тө Ысык-Ата райондук Ички иштер бөлүмүнө Кант шаарындагы Куренкеев жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишинде унаа турак үйгө урунуп, андан соң өрттөнүп кеткен жол кырсыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.













