Кара-Балта жана жакынкы Ново-Николаевка аймактарында жашоочулар абанын булганышы боюнча нааразылыктарын билдирди. Бул даттануулардан кийин министрликтин адистери изилдөө жүргүзүштү.
Изилдөө натыйжасында абадагы азот оксидинин концентрациясы нормадан бир нече эсеге ашык экендиги катталды. Бул көрсөткүч экологиялык талаптарга шайкеш келбейт.
Министрлик тарабынан алынган маалыматтар боюнча, абанын бул сапаты жергиликтүү калктын ден соолугуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн.








