2-ноябрда Кара-Күлдө маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган майрамдык иш-чара өттү. Концерттик программа менен башталган салтанаттын жүрүшүндө Маданият үйүнүн чыгармачыл жамааты жана элдик чеберлер чыгышты.

Куттуктоо жана шаардын маданий жашоосуна кошкон салым

Кара-Күл шаарынын мэри Азамат Турдубеков маданият тармагында көп жылдар бою эмгектенип келе жаткандардын баарын кесиптик майрамы менен куттуктады. Ал маданият кызматкерлери ар бир коомдук жана маданий иш-чарага катышып, шаардын жашоосунда активдүү роль ойноорун белгиледи.

Мэрдин айтымында, маданият тармагынын кызматкерлери Кара-Күлдөгү маданий окуяларды мазмундуу өткөрүүгө өз салымын кошуп келе жатышат.