Чолпон-Ата шаарындагы «Рух-Ордо» маданий борборунда өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин биринчи эл аралык кинофестивалы жыйынтыгын чыгарды. Гран-при ээсин жабылыш аземинде Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жарыялады.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына ылайык, фестиваль ШКУга мүчө мамлекеттерден келген кинематографисттерди, режиссёрлорду, актёрлорду, сценаристтерди жана продюсерлерди бир аянтчага бириктирди. Иш-чаранын алкагында сынактык кино көрсөтүүлөр, чыгармачылык жолугушуулар, тегерек столдор жана кино тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө арналган талкуулар уюштурулду.
Башкы сыйлык кимге тийди
Жабылуу аземинде фестивалдын жеңүүчүлөрү аныкталып, негизги номинациялар боюнча сыйлыктар тапшырылды. Министрликтин билдиришинче, башкы сыйлык — Гран-при «Кыргызфильм» улуттук киностудиясы тарткан «Кара. Кызыл. Сары» көркөм тасмасына ыйгарылды.

