Жогорку сот Аламедин районундагы «Анар-Баг» биргелешкен чарбасында жайгашкан 5,15 гектар аянттагы жер үлүшүнүн сатылышы боюнча иште актоочу өкүмдү бекитти.
Д.К. аталган жер үлүшүнүн ээси болуп, 2019-жылдын 13-декабрында Б.А. аттуу жаранга ишеним кат берип, жер участогуна ээлик кылып башкарууга укук берген.
Сотто көрсөтүлгөндөй, Д.К. менен Ы.Т. аттуу иниси 2 гектар аянтты 25 миң долларга баалап, жерди Т.О. аттуу жаранга (эми кайтыш болгон) Б.А. аркылуу саткан. Бирок акчаны Ы.Т. алган.
Т.О. 2021-жылы каза болгондон кийин эне менен бала жер үчүн акчаны албашканын айтып, сатып алуучуларды жерден чыгарып, акчаны кайра төлөп берүүнү талап кылышкан. Бирок тергөө энеге жана балага акча жетпегенин тастыктаган.
Булакка ылайык, жер Т.О. жашап турган учурда сатылып, каражат толугу менен Ы.Т.нын колуна өткөн.



