Каракол аэропорту августтун орто ченинде биринчи эл аралык техникалык каттамды кабыл алат. Бул тууралуу ОАО «Кыргызстан аэропорттору» компаниясынын башкы директору Манас Самидинов билдирди.

Учуу жана конуу тилкесин узартуу боюнча долбоордун даярдыгы азыр 95 пайызды түзөт. Бул оңдоо иштери бүткөндөн кийин аэропорт күнү-түнү учактарды кабыл алууга мүмкүнчүлүк алышы күтүлүүдө.

Ошондой эле эл аралык рейстерди туруктуу ачуу боюнча сүйлөшүүлөр активдүү жүрүп, аэропорттун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү каралууда.