Кыргызстандын Өкмөтү 2026-жылдын 18-июлунда №497 токтомун кабыл алып, пенсиялык топтомдорду инвестициялоого байланыштуу жети нормативдик документти бекитти.
Бул документтерде депозитардык кызматтардын талаптары, депозитарий менен келишим түзүү жана конкурсту өткөрүү тартиби, пенсиялык фонддорду башкаруучу компанияларды тандоо, пенсиялык топтомдорду инвестициялоо эрежелери, активдердин жана таза активдердин базар баасын эсептөө ыкмалары, ошондой эле ишенимдүү башкаруу жана депозитардык кызмат көрсөтүү боюнча үлгүлүк келишимдер камтылган.
Инвестициялоо процесси бир топтун өсүшүн камсыз кылуу максатында гана өткөрүлүп, ачыктык, диверсификациялоо, ишенимдүүлүк жана киреше алуу принциптерине негизделет.
Пенсиялык топтомдорду инвестициялоонун чектери
- Мамлекеттик баалуу кагаздарга 40% кем эмес алуу милдеттүү
- Кыргызстан фондулук биржаларында жүрүүчү облигациялардын көлөмү 40%дан ашпашы керек
- Листингден өткөн кыргыз эмитенттеринин акциялары — 30% чейин
- Ипотекалык баалуу кагаздар жана турак жай сертификаттары — 15%га чейин
- Каржы-кредиттик уюмдардын депозиттери — 30%га чейин
- Кымбат металлдар — 10%га чейин
- Улуттук банктын баалуу кагаздары — 10%дан көп болбоосу
- Мамлекеттик баалуу кагаздарга инвестициялаган индекс фонддорунун пайлары дагы каралган
Ошондой эле пенсиялык топтомдорду башкарган компаниялар үчүн минималдык капиталдын өлчөмү 10 миллион сомдон кем болбошу керек деген талап киргизилди, бул алардын финансылык туруктуулугун камсыз кылууга багытталган.

