Каракол мэриясынын маалыматы боюнча, шаардык пляж масштабдуу реконструкциядан кийин заманбап коомдук жайга айланды. Бул аймак азыркы урбанистиканын негизги тенденцияларын эске алуу менен түзүлгөн.

Реконструкциянын жүрүшүндө жээк сызыгы тазаланып, кум катмары жаңыланган. Ошондой эле, сейилдөөчү жолдор жана эс алуучу жайлар, анын ичинде беседкалар, күндөн коргоочу чатырлар, шезлонгдор, кийим алмаштыруучу жайлар, душтар жана санитардык аймактар ​​жайгаштырылган.

Мындан тышкары, балдар жана спорттук аянтчалар жабдылып, жарыктандыруу жана видеокөзөмөл камералары орнотулган. Медициналык пункт жана куткаруу борбору да каралган.

Каракол шаарынын мэри Талантбек Иманов шаар тургундарына жаңы коомдук жайга аяр мамиле кылууга, тазалыкты сактоого, жабдууларды кылдат пайдаланууга жана жанында эс алып жаткандарга урмат көрсөтүүгө чакырды.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, пляжды реконструкциялоо “Shirshov Фонд” коомдук фондунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылган. Бул Караколдун шаардык чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча биргелешкен программанын алкагындагы алгачкы долбоор.

Мэрдин айтымында, алдыда мектептерди, бала бакчаларды, короолорду, парктарды, жээкти жана башка коомдук жайларды оңдоо пландалууда. Талантбек Иманов мындай кызматташуу пландардан конкреттүү иштерге тез өтүүгө жана тургундарга реалдуу өзгөрүүлөрдү көрсөтүүгө мүмкүндүк берерин белгиледи.

«Shirshov Фонд» Караколду өнүктүрүүгө жалпысынан болжол менен 7 миллиард сом инвестициялоону пландаштырууда. Мэриянын маалыматы боюнча, программа беш мектепти жана беш бала бакчаны реконструкциялоону, 25 короону көрктөндүрүүнү, ошондой эле Жеңиш паркынын жаңылануусун камтыйт.