Травматология бөлүмү үчүн сатып алынган бул заманбап жабдык С-сымал түзүлүшүнө ээ. Ал операция учурунда эндопротездердин, металл таякчалардын, пластиналардын жана сынган жерлерге коюлган спицалардын туура орнотулушун текшерүүгө шарт түзөт.
Жаңы аппараттын жардамы менен дарыгерлер ар бир кыймылды так көзөмөлдөп, татаал операцияларды коопсуз өткөрө алышат. Ошондой эле бул технология нурлануунун деңгээлин төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары, ооруканага универсалдуу УЗИ аппараты жана эхокардиограф жеткирилди. Жакын арада жасалма интеллект технологиясы менен жабдылган жаңы УЗИ аппаратынын келип түшүүсү күтүлүүдө.
Медициналык диагностиканын сапаты жогорулайт
Медицина кызматкерлеринин билдирүүсүнө ылайык, жаңы жабдыктар медициналык текшерүүлөрдүн сапатын жогорулатууга, ооруларды эрте аныктоого, так диагноз коюуга жана татаал операцияларды оорукананын өзүндө жүргүзүүгө шарт түзөт.
Контекст
Каракол — Ысык-Көл облусундагы шаар, анын калкы 2022-жылдагы маалымат боюнча 85 588 адамды түзөт.














