Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги «Каркыра-автодорожный» өткөрүү пунктунун иштөө убактысы узартылды. Мындай чечим Мамлекеттик чек ара кызматынын Казакстандагы кесиптештери менен биргелешкен иш аракетинен соң кабыл алынды.

Өткөрүү пунктунун иштөө убактысынын узартылышы чек арадагы жүк жана жүргүнчү агымын ыңгайлуу кылып, эки өлкөнүн ортосундагы транспорттук байланыштарды жакшыртууга багытталган.

Бул өзгөрүү өзгөчө кыргыз-казак чек ара аймактарында жашагандар үчүн жана өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды чыңдоодо маанилүү ролду ойнойт.