Астана шаарында Кыргыз Республикасынын энергетика министри Алтынбек Рысбеков Казакстандын кесиптеши Ерлан Аккенженов менен жолугушуу өткөрдү.
Министрлер электр энергиясын жеткирүү жана транзит маселелерине, энергосистемалардын иштөө режимдерин координациялоого, ошондой эле мурда жетишилген макулдашуулардын алкагында мындан аркы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурушту.
Казакстан тарабы энергетикалык системалардын ишенимдүү иштешин камсыз кылуу жана аймактык энергетикалык өнөктөштүктү чыңдоо маселелеринде кыргыз тарап менен тыгыз кызматташтыкты улантууга даяр экендигин ырастады.
Жолугушуунун жыйынтыгында министрлер энергетикалык күн тартибиндеги негизги маселелер боюнча активдүү кызматташтыкты улантууга даяр экендиктерин дагы бир жолу тастыкташты.




