Кербендеги «Жыл мугалими» конкурсунун шаардык этабынын жыйынтыгы боюнча баалуу байгелерди алган жеңүүчүлөр аныкталды. Башкы приз — Daewoo Matiz автоунаасын Боспиек айылындагы «Алтынай» мектебинин информатика мугалими 32 жаштагы Кенжегүл Үркүнбаева утуп алды.

Конкурстун байгелери жана катышуучулары

Шаар мэриясынын билдирүүсүнчө, иш-чараны уюштуруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 397 300 сом бөлүнгөн. Конкурска 18 педагог катышты. Автоунаадан тышкары, жеңүүчүлөр турмуш-тиричилик техникаларын алышты.

1башкы приз (автоунаа)
1эки камералуу муздаткыч
1газ плитасы
1телевизор
14микроволновый печтер

Кербен шаарынын мэри Жаныш Раимжанов жыл сайын мектеп мугалимдери арасында мындай иш-чаралар өткөрүлүп турганын, ал эми акыркы жылдары педагогдорду стимулдаштыруу үчүн сыйлык катары баалуу белектер колдонулуп жатканын белгиледи. Учурда катышуучулар конкурстун облустук этабына даярданууда.

Контекст

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаарында 17 муниципалдык мектеп жана бир интернат-мектеп иштеп жатат.