Директорлор кеңешинин мүчөсү Бакытбек Исраиловдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бул чечим 2026-жылдын 9-июлунда банк акционерлеринин кезексиз жалпы жыйынында кабыл алынды.
Бакытбек Исраиловдун ордуна Руслан Сагинаев шайланды. Жаңы мүчөнүн ыйгарым укуктары төрт жылга белгиленди.
Белгилей кетсек, Европалык Союз Кыргызстандын "Керемет Банк" жана "Капитал Банк" банктарын Россияга каршы жыйырма биринчи санкция пакети боюнча тизмеге киргизди. Бул мыйзам 2026-жылдын 14-майында күчүнө кирди.
Санкциялар Европалык Союздун жарандарынан жана компанияларынан аталган банктар менен транзакцияларды жүргүзүүгө тыюу салат же кыйла чектөөлөрдү киргизет.

















