Кара-Балтада «Ты супер! Кыргызстан» долбоорунун жаш катышуучуларын даярдоо лагери өз ишин баштады. Лагерге чейин команда өлкө боюнча кеңири кастинг өткөргөн.
Тандоо баскычтары
Кастингге бүткүл өлкөдөн болжол менен 1,5 миң бала арыз тапшырган. Алардын ичинен 700 бала прослушиванийге чакырылган, бирок жыйынтыгында бир гана 40 катышуучу долбоорго тандалып алынды.
Азыр тандалган балдар Кара-Балтадагы лагерде шоуга даярдык көрүп жатышат.

