Министрлер Кабинетинин 5-ноябрда чыгарылган №742 токтомуна ылайык, жаңы эрежелер жалпы кирешеси белгиленген чектөөлөрдөн ашып кеткен компанияларга тиешелүү болот. Көзөмөл биригүү, кошулуу же биргелешкен ишканаларды түзүү процесстерине карата жүргүзүлөт.

Келишимдер үчүн чектөөлөр

Эки же андан көп чарба жүргүзүүчү субъекттерди бириктирүү же кошулуу боюнча келишимдерди жүргүзүүдө өткөн календардык жылдагы товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү реалдаштыруудан түшкөн киреше эске алынат. Эсептөөдө компаниялардын гана эмес, алардын адамдар тобунун кирешеси да эсепке алынат.

1 млрдсомдук киреше (биригүүдө же үлүштөрдү сатып алууда)
500 млнсомдук киреше (биргелешкен ишкана түзүүдө)
25%катышуу үлүшү (акцияларды/пайларды сатып алууда)

Акча эмес салымдар (акциялар, үлүштөр, мүлк же негизги өндүрүштүк каражаттар) аркылуу биргелешкен ишканаларды түзүү үчүн да негиздөөчүлөрдүн жана алардын адамдар тобунун жалпы кирешеси 1 млрд сомдон ашык болгон чектөө белгиленди.

Кыргызстанда биргелешкен ишканаларды түзүүдө, анын ичинде чет элдик катышуусу бар долбоорлор же атаандаштардын ортосундагы келишимдер үчүн өзүнчө шарттар колдонулат. Мындай учурда чектөө кирешеси 500 млн сомдон ашык болгон сумманы түзөт.