Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон №773 токтомго ылайык, Мамлекеттик салык кызматы (МТХ) белгилүү бир тобокелдиктер аныкталган учурда электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасындагы (ИС ЭСФ) эсептик аккаунттардын колдонулушун токтотуу укугуна ээ болду.

ИС ЭСФде бөгөттөөнүн себептери

  • чыгарылган ЭСФде товарлардын жоктугу
  • товарлардын келип чыгышы жөнүндө документтердин жоктугу
  • товарларды жеткирбөө, иштерди аткаруу жана кызмат көрсөтүү фактыларынын аныкталышы
  • салыктык отчеттуулукту бербөө
  • экспорттук жеткирүүлөрдү тастыктай албай коюу
  • санкциялык саясатты ишке ашыруу үчүн экономикалык же финансылык туруктуулуктун тобокелдиктери жөнүндө мамлекеттик органдын билдирүүсүнүн болушу

ККМди каттоодон алуу

Салык кызматы ишкердин арызысыз, автоматташтырылган маалыматтык системада (АИС) контролдук-касса машиналарыны (ККМ) эки учурда өз алдынча каттоодон алып салат:

  • салыктык контролдоонун жүрүшүндө ККМди колдонуу боюнча талаптарды жана аларды эксплуатациялоонун типтүү эрежелерин бузуулар аныкталганда
  • санкциялык саясатты ишке ашыруу үчүн экономикалык же финансылык туруктуулуктун тобокелдиктери болгон учурда

Ишти калыбына келтирүү шарттары

Эгерде ишкер аныкталган бузууларды четтетсе, ИС ЭСФдеги электрондук документ жүгүртүү катышуучусунун эсептик аккаунтунун иши калыбына келтирилиши мүмкүн. Бул төмөнкү учурларда болот:

  • фиктивдүү жеткирүүлөрдүн тобокелдиктери тастыкталбаган учурда
  • санкциялык саясатты ишке ашыруу үчүн экономикалык же финансылык туруктуулуктун тобокелдиктери жок экендиги жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын билдирүүсү болгон учурда