Контрабанданы токтотуунун жагдайлары
УКМК жүргүзгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жарандарынан турган топ ири бодо малды мамлекеттик чек ара аркылуу Тажикстанга мыйзамсыз өткөрүүгө аракет кылганын документтештирди. Бул ишмердүүлүккө көмөк көрсөтүү үчүн кызмат адамына пара берүү фактылары аныкталды.









