Иш-чаранын жүрүшүндө жергиликтүү аграрийлер өз ишмердүүлүгүнүн натыйжасы болгон продукцияларды көрсөтүп беришти. Кочкор районунун мамлекеттик администрациясынын жетекчилиги, агрардык өнүктүрүү башкармалыгы жана Кара-Суу айыл өкмөтү өкүлдөрү аймактагы айыл чарба тармагындагы аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.
Сыйлык ээлери
Майрамдык салтанатта Нарын облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана райондук администрациянын грамоталары менен бир катар адистер сыйланды.
- Нарын облусундагы президенттин өкүүлүгүнүн грамотасы: Жылдыз Мамышева (суу чарба башкармалыгынын бөлүм башчысынын орун басары) жана Руслан Жумалиев (айыл чарба тармагындагы жеке ишкер)
- Райондук администрациянын грамотасы: Сагынбек Рысалиев (механизатор), Торобой Турдубаев (суу чарба башкармалыгынын №3 гидроучасткесинин башчысы) жана Гюлзат Молдокулова (аарычы жеке ишкер)
- Агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын грамотасы: Бурулсун Акматова (ветеринардык адис) жана Тилеген Кемелов (айдоочу)
Маалымат үчүн
Кочкор району Нарын облусунун курамына кирет. Нарын облусунун калкы 2025-жылга карата болжол менен 314 900 адамды түзөт.






















