Кочкор районунун Кум-Добон айыл аймагындагы тоо чокусуна Ормон хандын ысымын берүү пландалууда. Бул демилге Президент Садыр Жапаровдун 2023-жылы 2-октябрда Ормон хандын 230 жылдыгын белгилөө учурунда айткан сунушу менен байланыштуу болгон.

Атынын жазылышы боюнча талкуулар

Мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда депутаттар инсандын ысымы кандай жазылышы керектигин сурашты. Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эльчибек Джантаев комитеттин отурумунда бул маселесин билдирди.

«Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин жетекчиси Батма Топоева-Ставинская түшүндүрмөсү боюнча, контекстке жараша эки вариант тең туура болушу мүмкүн. Тарыхый инсан жөнүндө сөз болгондо «Ормон хан» деп бөлөк жазылса, географиялык аталыш катары дефис аркылуу «Ормон-Хан» деп жазууга уруксат берилет.

Тарыхый маалымат

Ормон хан 1792-1854-жылдары жашаган. Ал түндүктөгү кыргыз урууларын бириктирүү жана саясий көз карандысыздыкты чыңдоо максатын көздөгөн. 1842-жылы уруу өкүлдөрүнүн курултайында хан деп жарыяланган, бирок уруулар арасындагы карама-каршылыктардын натыйжасында бекем биримдик түзүлө алган эмес.