Футбол тарыхындагы мыкты чабуулчулардын бири Криштиану Роналду 41 жашында дагы мыкты формада ойноодо. Азыр ал Сауд Арабиясынын «Аль-Наср» клубунда 2023-жылдан бери тажрыйбасын көрсөтүп келет.
Vogue журналына берген маегинде Роналду өзүнүн 2026/27-сезону мүмкүн болгон акыркы футболдук жылы болорун белгиледи. Бул чечим анык эмес, бирок ал жаңы этапка даярданууда.
Футболчу мындан кийинки пландары көп экенин жана бул убакыттан кийин башка багыттарда өзүн сынап көрүүнү ойлоп жатканын кошумчалады.








