Колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, курулуш ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө лицензияны башка жакка өткөрүп берүүгө жол берилбейт. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, лицензия мөөнөтүз жана ажыратылбас экени баса белгиленет.

Лицензияны мыйзамдуу жол менен кантип алуу керек

Курулуш министрлиги жарандарды жана ишкерлерди мыйзамдардын талаптарын сактоого жана лицензияларды сатып алуу тууралуу күмөндүү сунуштарга алданып калбоого чакырат. Мындай лицензияларды сатуу же өткөрүп берүү мыйзам бузуу катары бааланат.

Лицензия алуу жол-жобосу

Колдонуучуларга ыңгайлуулук үчүн ведомство лицензия алуу жол-жобосун онлайн-форматка которгон. Эми документтерди электрондук түрдө тапшырууга болот, ал эми лицензиянын өзүн онлайн бир жумуш күнүнүн ичинде алууга болот.

  • Курулуш министрлигине түз кайрылуу зарыл.
  • Алуу тартиби жана документтердин тизмеси тууралуу толук маалыматты (0312) 31 29 77 номери аркылуу билүүгө болот.
Лицензияны башка жактарга сатуу же өткөрүп берүү мыйзам бузуу болуп саналат.
Курулуш министрлиги