Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жакында өткөрүлгөн ревизиянын натыйжасында 100гө жакын компаниянын жер казынасын пайдалануу укугуна берилген лицензияларын жокко чыгарды.
Ведомствонун маалыматы боюнча, лицензиялар алардын шарттары бузулгандыгына байланыштуу токтотулган. Компаниялардын жана алар иштеткен кендердин аталышы азырынча такталбайт.
Лицензиялар эмки турде кимге берилет
Министрлик КРнын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, жер казынасын пайдалануу укугуна берилген бардык лицензиялар — анын ичинде геологиялык чалгындоо иштерине жана пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүгө берилгендер да — азыр гана уставдык капиталында мамлекеттик үлүшү басымдуулук кылган мамлекеттик ишканаларга жана чарба жүргүзүүчү субъекттерге берилерин эскертти.
Июндагы масштабдуу инвентаризация
Бул чечим июнь айында жарыялангандан кийин чыккан. Ошондо министрлик мурда берилген бардык лицензияларга масштабдуу инвентаризация жүргүзгөнү жана шарттарды бузуунун бир нече жүздөгөн учурун аныктаганы маалымдалган.
Инвентаризациянын жыйынтыгы

