Учурда мүлк сатып алуу же сатуу процесси объект кайсы жерде болсо, ошол аймактын филиалына кайрылууну талап кылат. Мисалы, Баткен шаарындагы үй сатылып жатса, Баткендеги каттоо бөлүмүнө баруу зарыл. Жаңы демилге бул тартипти толугу менен өзгөртүүгө багытталган.
Кайсы жерден каттоого болот?
Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин методологиялык камсыздоо башкармалыгынын жердик кадастр башкармалыгынын даярдоо секторунун башкы адиси Аманбек Кебековдун билдирүүсүнө караганда, жарандар Баткенде, Таласта же Бишкекте болуп, каалаган жерден келишимди каттата алышат. Бул система паспорт алууга окшош иштешет. Документтер ээлеринин колуна мурдагыдай эле берилет.
Баткенде да, Таласта да, Бишкекте да келишимдин сатып алуу-сатуу келишимин каттоого келе берсе болот.
Система кандай иштейт?
Агенттиктин түзүмүндөгү филиалдар электрондук архив менен бирдиктүү системада иштешет. Мыйзам кабыл алынгандан кийин, бул норманы ишке ашыруунун механизми иштелип чыгат.












