Кыргыз режиссер Тыныстан Темиржан «Кечир мени, досум» деп аталган кыска метраждуу тасманы ийгиликтүү бүтүрдү.
Продюсер Суйум Сулайманованын айтымында, тасманын сценарийи өтсө да кадимки эмес сынактын катышуучуларынын катарына кошулуп, International Film Camp программасына чакырылган.
Бул кино лагерь Maкаодогу AFA уюму тарабынан уюштурулуп, Азиялык кинематографисттердин миңдеген сценарийлеринин арасынан эң мыкты 16 сценарий тандалып алынган.
Андан ары мыкты 8 тасмага грант бөлүнүп, Тыныстан Темиржан тартып жаткан тасма улуу жетинчиликке кирди.
Тасманын тартуу иштери Нарын облусунда жүргөн жана азыркы учурда фильм толугу менен бүткөрүлгөн.
Премьера жакын арада эл аралык деңгээлдеги кинофестивалдардын биринде өтүшү күтүлүүдө.

