Жаңы подсистема кызматкерлерди реалдуу убакыт режиминде күнү-түнү байкоо жүргүзүү үчүн иштелип чыккан. Технология кызматкерлердин чарчаган белгилерин аныктоого мүмкүндүк берип, учуулардын коопсуздугун кошумча көзөмөлдөөнү камсыз кылат.

Долбоордун техникалык деталдары жана баасы

4-ноябрьдагы мамлекеттик сатып алуулар порталындагы жарыяга ылайык, жабдууларды сатып алууга пландалган сумма 5 млн сомду түзөт. Система ишкананын учурдагы сервердик инфраструктурасына интеграцияланышы керек.

Долбоордун алкагында диспетчерлердин жумуш орундарын видеокөзөмөлгө алуу пландалууда. Үзгүлтүксүз иштөөнү камсыз кылуу үчүн дубликаттык схема каралган: негизги жана резервдик серверлер видеопотокторду бир убакта жана көз карандысыз жазып турат, бул бир түзүлүш истен чыккан учурда да маалыматтарды сактоого мүмкүндүк берет.

6–8диспетчерлердин жумуш орундары
5 млнсом, сатып алуунун суммасы
2сервер (негизги жана резервдик)

Жабдуулардын комплекти IP-камераларды, PoE-коммутаторлорду, үзгүлтүксүз электр менен камсыздоо булактарын жана зарыл болгон кабелдерди камтыйт. Кадимки режимде кызматкерлердин абалын талдоо иштерин негизги сервер жүргүзөт, ал эми техникалык мүчүлүштүктөр жаралган учурда функциялар резервдик серверге өтөт.

Контекст

«Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасында аба кыймылын тейлөөгө, ошондой эле учууларды аэронавигациялык, метеорологиялык жана радиотехникалык камсыздоо менен камсыз кылууга жооптуу.