«Кыргызкомур» көмүр өндүрүү пландарын түзүп, бул жылы Кара-Кече жана Ак-Улак кендеринен 700 миң тонна көмүр даярдоону көздөп жатат. Бул маалыматты генеральдык директору Рустам Садыралиев «Биринчи радио» эфиринде билдирди.

Садыралиевдин айтымында, көмүрдүн керектөөсүн жыл сайын так эсептөө мүмкүн эмес, анткени ал климат шарттарына, газификацияга жана электр энергиясы менен камсыздоого байланыштуу.

Көмүрдүн ички базарында жыл сайын 3 миллион 300 миң тонна көмүр керектелет, анын 1.5 миллиону элге барат.
Рустам Садыралиев