Бишкек шаарында өткөн «Инвестициялык вектор: мамлекет жана бизнес — ачык диалог» II форумунда Адылбек Касымалиев инвестициялык саясаттын жаңы багыттары тууралуу айтты. Анын айтымында, дүйнөлүк деңгээлде капитал үчүн атаандаштык күчөп жаткан учурда, өлкө жаңы технологияларды, өндүрүш маданиятын жана эл аралык рынокторго чыгуу мүмкүнчүлүгүн алып келүүчү инвесторлорду артык көрөт.

Инвестицияларды жыл сайын 20%га жогорулатуу пландалууда

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен түз сырткы инвестициялардын көлөмүн жыл сайын кеминде 20 пайызга өстүрүү максат коюлган. Бул максатка жетүү үчүн мамлекет инвесторлор үчүн ыңгайлуу шарттарды жана жеңилдиктерди сунуштайт.

Кыргызстандагы базалык салыктык ставкалар

10%пайдадан алынуучу салык
10%киреше салыгы
12%КТС (кошумча нарк салыгы)

Инвесторлор мындан тышкары, эркин экономикалык зоналардын жана Жогорку технологиялар паркынын атайын режимдерин колдоно алышат. Ошондой эле, «Тамчы» атайын финансылык-инвестициялык району эл аралык капиталды тартуунун жана финансылык кызматтарды өнүктүрүүнүн негизги куралы болот.

Бүгүнкү күндө дүйнөдө капитал үчүн атаандаштык күчөп жатат. Биз жаңы технологияларды, башкаруу тажрыйбасын, өндүрүш маданиятын жана эл аралык рынокторго чыгуу мүмкүнчүлүгүн алып келүүчү «акылдуу» капиталга артыкчылык беребиз.
Адылбек Касымалиев

Өндүрүштү локализациялоо мүмкүнчүлүгү

Кыргызстанда бир катар товарлардын импортунун өсүшү өлкөдө өндүрүштү жергиликтүү деңгээлде иштеп чыгуу жана импортту алмаштыруу үчүн чоң потенциал бар экенин көрсөтөт. Өлкөнү ири аймактык рынокторго чыгуу мүмкүнчүлүгү бар өндүрүш аянты катары кароо зарыл деп белгиледи Министрлер Кабинетинин төрагасы.