Кыргызстан менен Швейцария жарандык авиация тармагында кызматташуу жана өз ара түшүнүшүү боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги билдирди.
Кызматташуунун негизги багыттары
Макулдау кыргыз авиациялык ведомстугунун делегациясы менен Швейцариянын Федералдык жарандык авиация башкармалыгынын (FOCA) директору Франсин Циммерманндин ортосундагы эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгында түзүлдү. Тараптар кызматташтыкты кеңейтүү жана эки өлкөнүн авиациялык администрацияларынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жаңы багыттарын талкуулашты.
Меморандумдун алкагында төмөнкү иштер жүргүзүлөт:
- кесипкөй байланыштарды чыңдоо
- тажрыйба жана эксперттик билим алмашуу
- биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу
Өзгөчө көңүл Швейцариянын жарандык авиацияны жөнгө салуу тажрыйбасын изилдөөгө жана Кыргызстандын авиациялык системасын эл аралык стандарттарга ылайык өркүндөтүүгө бурулат.
Авиация тармагындагы максаттар
Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча, бул макулдашуулар тармактын институционалдык потенциалын чыңдоого жана улуттук авиациялык системанын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.










