Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин орун басары Медербек Туманов Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин соода кеңешчиси Мустафа Чакыр менен жолугушту. Бул тууралуу профилдик ведомство билдирди.
Кызматташтыктын негизги багыттары
Жолугушуунун алкагында тараптар эки өлкөнүн ортосундагы актуалдуу соода-экономикалык маселелерди карап чыгышты. Өзгөчө көңүл соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын ишмердүүлүгүнө жана эки тараптуу байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө бурулду.
Натыйжада тараптар мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча биргелешкен иштерди улантууга жана орток демилгелерди илгерилетүүнү активдештирүүгө макулдашты. Ошондой эле соода-экономикалык кызматташтыктын негизги багыттары боюнча аракеттерди координациялоо максаты коюлду.















