Энергетика министрлиги 2025-2030-жылдарга карата электр энергиясы үчүн орто мөөнөттүү тарифтик саясаттын өзгөртүүлөрүн коомдук талкууга чыгарганын билдирди. Бул демилге менен коммерциялык кызмат көрсөтүүчү станциялар менен жеке колдонуучулардын кубаттоочу түзүлүштөрүнүн ортосундагы айырманы тактоо каралган.

Учурдагы тартип жана сунушталган өзгөртүүлөр

Азыркы учурда «Электромобилдерди кубаттоочу станциялар» тобуна кирген бардык керектөөчүлөр, алардын колдонуу максатынан карабастан, бирдей тариф төлөөгө милдеттүү. Ведомствонын маалыматы боюнча, учурда электр энергиясынын баасы бирдей.

Учурдагы тариф

5,99сом
1 кВт·чүчүн

Жаңы сунуш боюнча, коммерциялык негизде үчүнчү тараптарга кубаттоо кызматтарын көрсөтүүчү юридикалык жана жеке жактар өзүнчө категорияга алынат. Ал эми өзүнүн жеке муктаждыктары үчүн гана колдонулуучу жана акы албаган кубаттоочу түзүлүштөр бул категорияга кирбейт.

Документтен

Заряддоочу түзүлүштөр жана станциялар керектөөчүнүн аймагында жайгашкан жана үчүнчү тараптарга кызмат көрсөтпөстөн, акы албастан, өздүк муктаждыктар үчүн гана колдонулса, алар...
Документтин текстиндеги жобо