Кыргызстан Түрк инвестициялык фондунун негиздөөчү мамлекеттеринин бири катары, фонддун алгачкы инвестициялык программаларын өз аймагында баштоого кызыкдар экенин билдирди. Министрлик бул иштерди даярдоо жана илгерилетүү боюнча тиешелүү колдоо көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.

Кызматташтыктын келечеги жана жаңы жетекчилик

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Түрк инвестициялык фондунун жаңы президенти Кубанычбек Омуралиевди кызмат ордуна дайындыгы менен куттуктады. Тараптар инвестициялык долбоорлорду каржылоо мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл буруп, кызматташтыктын келечектүү багыттарын талкуулашты.

  1. 2026-жыл, 12-ноябрь

    Кубанычбек Омуралиев Түрк инвестициялык фондунун президенти болуп кызматка киришти

  2. 2026-жыл, 25-ноябрь

    Министр Бакыт Сыдыков менен Кубанычбек Омуралиевдин ортосунда жолугушуу өттү

Кубанычбек Омуралиевдин талапкерлиги Кыргызстан тарабынан сунушталган жана Фонддун бардык мүчө мамлекеттери тарабынан колдоого алынган.