Кыргызстандын Экономика министрлигинин орун басары Беназир Нурланова түрк ишкерлеринин делегациясы менен жолугушууда өлкөдөн Түркияга өнүмдөрдү экспорттоо маселелерин карады.
Жолугушуунун жүрүшүндө, негизинен, кыргыз мөмө-жемиштерин Түркия базарына чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланып, айыл чарба продукциясынын деңгээлин жогорулатуу жана соода алакаларын кеңейтүү максатталган.











