Туркия менен инвестициялык кызматташуунун кеңейиши
Кыргызстандын мамлекеттик инвестициялар боюнча агенттигинин жетекчиси Равшанбек Сабиров түрк TANFER компаниясынын өкүлдөрү жана Түркия Республикасы Бокс федерациясынын вице-президенти Мехмет Танфер менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Түркия арасындагы инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, инвестициялык климатты жакшыртуу жана орто мөөнөттө биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулады.











