Ушул жылы жол тармагын өнүктүрүүгө 69 миллиард сом бөлүндү. 56,4 миллиард сомдук иш жүзүндөгү каржылоо менен 1 883 километр жолго асфальт төшөөгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

СторисКыргызстанда 1883 км асфальт төшөлдүСлайддар: 7
  1. Кыргызстанда 1883 км асфальт төшөлдү
  2. Жол иштеринин жыйынтыгы: Иштин көлөмү 1,2 эсе өстү; Тармакка 69 млрд сом бөлүндү
  3. 56,4 млрд сом — жолдорду өнүктүрүүгө иш жүзүндө бөлүндү
  4. Барскоон — Бедел жолун курууда учурда 1700ден ашык адам жана 814 бирдик атайын техника иш алып барууда
  5. 2029-жыл — Барскоон — Бедел жолунун негизги курулушун аяктоо; 2030-жыл — жолду толук пайдаланууга берүү
  6. Кок-Арт тоннелинин ачылышы Жалал-Абаддан Балыкчыга чейинки жол жүрүү убактысын 13 сааттан 6 саатка чейин кыскартты
  7. Бишкек, Джалал-Абад
1883төшөлгөн асфальттын км
56,4 млрдбөлүндү сом
1,2 эсеөткөн жылга карата өсүү

Ири инфраструктуралык долбоорлор

Барскоон — Бедел жолун куруу артыкчылыктуу багыттардын бири бойдон калууда. Учурда объектте 1 миң 700ден ашык жумушчу жана 814 бирдик атайын техника колдонулууда. Иштер тоннелдерди өткөрүүнү камтыйт, ал эми негизги курулушту аяктоо 2029-жылга пландаштырылган. Жолду толук пайдаланууга берүү 2030-жылы күтүлүүдө.

Борбордо айлануу жолдорун кеңейтүү уланууда: Бишкектин түндүк айлануу жолунун узундугу 33,4 километрди, ал эми чыгыш жолунун узундугу 16 километрди түзөт. Долбоорлор тыгындар менен күрөшүү үчүн жаңы транспорттук түйүндөрдү жана эстакадалык көпүрөлөрдү курууну камтыйт.

Бишкек — Ош трассасына болгон жүктү азайтуу

Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолундагы 3,9 километрлик «Кок-Арт» тоннели аркылуу жайкы кыймылдын ачылышы маанилүү өзгөрүү болду. Бул Жалал-Абаддан Балыкчыга чейинки жол жүрүү убактысын 13 сааттан 6 саатка чейин кыскартууга мүмкүндүк берди.

км жол1545,7 км1883 км +22%

Салыштырмалуу айтсак, 2025-жылы жол тармагына 57 млрд сом жумшалган, бул 1 545,7 километр жолго асфальт-бетон төшөөгө мүмкүндүк берген.