Кыргызстандын Акыйкатчы институтунун отчётүндө Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан берилген маалыматтар келтирилди. Аталган изилдөө Нарын жана Ысык-Көл облустарында эртерки никелерди жана жаш өспүрүмдөрдүн эне болуусун алдын алуу максатында өткөрүлдү.

Эне болуу жана аборт статистикасы

Берилген маалыматтарга ылайык, 2025-жыл ичинде жаш өспүрүм кыздардын кош бойлуулугу боюнча каттоодон 327 кыз бала өткөн. Алардын ичинен төрөгөндордун саны жана аборт жасаган учурлар төмөнкүдөй көрсөткүчтөрдү түзөт:

315төрөдү
39аборт жасады

Өткөрүлгөн мониторингдин жыйынтыгында эне болгон өспүрүмдөрдүн жашы өтө төмөн экени аныкталды. Алардын арасында 14 жаштагы төрт кыз жана болгону 13 жаштагы бир кыз бар экени белгиленди.

Никеге туруу жана кылмыш иштери

Баш прокуратуранын маалыматы боюнча, 2025-жылы өлкө боюнча жаш өспүрүмдөр менен никеге туруунун 340 учуру катталган. Бирок бул фактылардын ичинен кылмыш иштери болгону 64 учур боюнча козголгон.

Мониторинг жүргүзүлгөн аймактар
  • Нарынская
  • Иссык-Кульская

Акыйкатчы институту · geoBoundaries, © OpenStreetMap