Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиевдин маалыматы боюнча, пенсияны көтөрүүдө эң чоң өзгөрүүлөр «Баатыр эне» наамына ээ болгон энелерге жана ата-энеси жок балдарга жасалат.
Кимдердин төлөмдөрү өсөт
Азыркы учурда «Баатыр эне» наамындагы энелерге берилүүчү ай сайын 1 миң сомдук кошумча төлөм 5 миң сомго чейин жеткирилет. Бул каражаттын 4 миң сомго көбөйүшүн билдирет. Эгерде негизги пенсия 8 800 сом болсо, анда жалпы сумма 13 800 сомду түзөт.
Ошондой эле, жакындарынан айрылган балдардын пенсиясынын базалык бөлүгү да жогорулатылат:
Балдардын пенсиясынын базалык бөлүгү
Төлөмдөрдүн көтөрүлүшү көп балалуу энелерди, майыптыгы бар адамдарды, Афганистан согушунун катышуучуларын, Чернобыль станциясынын авариясынын кесепеттерин жоюучуларды жана кодиган пенсия алуучуларды камтыйт. Социалдык фонддун башчысы белгилегендей, бул көрсөткүчтөр базалык бөлүктөрү болуп саналат, ал эми камсыздандыруу бөлүгү кошулганда жалпы сумма дагы жогору болушу мүмкүн.
Контекст
Социалдык фонд 2023-жылдын 1-январынан бери иштеп келет. Пенсиялык төлөмдөрдү жогорулатуу үчүн мамлекеттик бюджеттен 7,5 миллиард сом өлчөмүндө кошумча каражат бөлүнөт.









