Кыргызстанда 2026-жылдын январь-июль айларында азык-түлүк өндүрүшүнүн жалпы көлөмү 46 миллиард 846,3 миллион сомду түздү. Бул сан өткөн жылдын ушул мезгилиндеги 40 миллиард 213,4 миллион сомго салыштырмалуу 16,5% көбөйгөндүгүн көрсөтөт.
Ошол эле учурда, физикалык өндүрүштүн көлөмүн чагылдырган индекс 98,7% болуп, өткөн жылга салыштырмалуу өндүрүштүн реалдуу көлөмү 1,3% азайганы байкалат.
2026-жылдын июль айында азык-түлүк өнөр жайынын ишканалары 8 миллиард 451,2 миллион сомдук продукция өндүрүшкөн. Ал эми 2025-жылдын июль айында мындай көрсөткүч 6 миллиард 568,1 миллион сомду түзгөн.
Номиналдык баадагы өсүү 28,7%га жетип, физикалык өндүрүштүн индекси июль айында 104,7% түздү.










