Мам бийликтин төрагасы Адылбек Касымалиев «Мамлекеттик акселераторлор» программасынын алкагында ишке ашырылган реформалардын жыйынтыгын чыгарып, ошондой эле жаңы эки жаңылыкты жарыялады. Бул өзгөрүүлөр мамлекеттик кызматтарды санаризациялоого, бюрократияны азайтууга жана жарандар менен бизнес үчүн процесстерди жөнөкөйлөтүүгө багытталган.
Кыргызстанда акциз маркалары жана экспорттук уруксаттарды берүү процесстери жөнөкөйлөтүлөт
Кыргызстанда «Мамлекеттик акселераторлор» программасынын алкагында бир катар мамлекеттик кызматтар жөнөкөйлөтүлүп, санаризацияланууда. Бул өзгөрүүлөр акциз маркаларын жана экспорттук уруксаттарды берүү, ошондой эле студенттердин пенсиясы жана пособияларын узартуу процессине таасир этет.
















