Америкалык Борбордук Азия университетинин Тянь-Шань аналитикалык борборунун адам укуктары жана миграция боюнча долбоорлордун координатору Татьяна Злобина «Кыргызстанда калкты карытуу жана кедейлик» аттуу изилдөөнү Бишкек шаарында тааныштырды.
Өмүр узундугундагы айырмачылык
Изилдөөлөргө таянсак, 2025-жылы аялдардын орточо өмүр узундугу 76,9 жылды, ал эми эркектердики 68,7 жылды түзөт. Бул көрсөткүчтөр ортосундагы айырма 8,2 жылга жетет. Ал эми 2020-жылдан бери эки жыныс үчүн тең өмүр узундугунун көрсөткүчү 0,9 жылга өскөн.
Өмүр узундугунун көрсөткүчтөрү
Эмгекке жарамсыз курактагы калктын түзүмү
Эмгекке жарамсыз курактагы калкты аялдардын саны болжол менен үчтөн эки бөлүгүн түзөт. Бул негизги себеп катары аялдардын эрте пенсияга чыгышы (58 жашта, ал эми эркектер 63 жашта) жана эркектердин өлүм көрсөткүчүнүн жогорулугу аталып келет.
2026-жылдын башындагы көрсөткүчтөр
Шаар жана айылдагы жашоо шарттары
Кыргызстандын карыган адамдарынын көпчүлүгү (54,7%) айыл жерлеринде жашашат. Бирок жалпы калктын ичиндеги карылардын үлүшү шаарларда жогорураак — 10,5%га каршы айылдарда 9%.
2025-жылы шаардагы карылардын үлүшүнүн 45,3%га чейин өсүшү административдик-аймактык реформа менен байланыштуу. Бул реформанын алкагында Бишкек жана Ош шаарларына шаар четиндеги айылдар кошулган.













