Москвадагы ОДКБ саммитинде катышуучу өлкөлөр биологиялык коопсуздук чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө келишим иштеп чыгууну чечишкен. Мындай макулдашуулардын натыйжалуу болушу үчүн эффективдүү улуттук система зарыл. Кыргызстанда бул багыттагы укуктук база түзүлгөнү менен, эксперттер айрым механизмдердин өнүгүшүнө муктаж экенин белгилешет.
Түзүлгөн укуктук негиздер
Биологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча иштердин алгачкы кадамы мыйзамдарды кабыл алуудан башталган. Андан сырткары, мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүү тартиби жана биологиялык объекттерди коргоо боюнча талаптар да бекитилген.
- 2025-жылдын январь айы
Кыргыз Республикасында биологиялык коопсуздук жөнүндө Мыйзам кабыл алынды
- 2025-жылдын июль айы (24-июль)
2026–2030-жылдарга карата химиялык, биологиялык, радиациялык жана ядролук коопсуздук боюнча улуттук аракеттер планы бекитилди
- 2025-жылдын май айы
Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүү тартиби бекитилди
- 2025-жылдын август айы
Биологиялык тобокелдиктерди мониторингдөө жана баалоо критерийлери бекитилди
Эпидемиологиялык көзөмөлдү күчөтүү
Учурда эпидемиологиялык көзөмөлдү өркүндөтүү боюнча иштер жүрүп жатат. Бул алкакта IEPID маалыматтык системасына инфекциялык оорулардын электрондук карталары киргизилген.









