24-ноябрда Эл аралык Кувейт университети тарабынан уюштурулган иш-чарада коомдогу зомбулуктун түрлөрү жана андан коргонуу жолдору каралды. Тегерек столго эксперттер, психологдор, мугалимдер жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышып, көйгөйдүн себептерин изилдешти.

Мыйзамдык жаңылыктар

Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаты Бурул Аманова учурда буллинг жана интернеттеги зомбулук (кибербуллинг) боюнча жаңы мыйзамдык механизмдердин үстүндө иш жүрүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, бул түшүнүктөр улуттук мыйзамдардын базасына биринчи жолу киргизилип жатат.

Бул багытта парламент тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолуп, учурда буллинг жана кибербуллинг маселелери боюнча мыйзамдык демилгенин үстүндө иш жүрүп жатканын маалымдады.
Бурул Аманова

Жалпы коомдун ролу

Эл өкүлү зомбулуктун алдын алуу бир гана педагогдордун милдети эмес экенин баса белгиледи. Аталган маселелерди чечүүдө ата-энелер, мектептер жана коомчулук менен тыгыз кызматташуу зарыл экендигин кошумчалады.