Кыргызстанда чакан жана орто ишканалардын саны быйылкы жылдың алгачкы жети айында 6,8%га өскөнү тууралуу расмий маалымдалды.

Мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүүсүн талдоо боюнча өткөн аппараттык жыйында премьер-министр – президент администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев бул көрсөткүчтү коомчулукка билдирген.

Анын айтымында, өсүшү өлкөнүн ишкердик чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча багытталган саясатынын натыйжасында ишке ашууда.